Menu

Кыргызстан жана Өзбекстандын чек ара маселеси боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору кезектеги жолугушуусун өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору 2016-жылдын  8-13-ноябрында Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын пикири келишкен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринин тизими макулдашылды. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен иликтөөлөрдү жүргүзүштү.

Жалпысынан жолугушуу конструктивдүү негизде жана достук маанайда өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлуп, тараптар өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусун Кыргыз  Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Белгилесек, сүйлөшүүлөр 2016-жылдын август айынан жаңыртылган учурдан тарта эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу   беш ирет өткөрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре эки тараптуу жолугушууларды эки  ирет өткөрүү пландаштырылууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: