Menu

Төрайым Айнаш Токбаева жергиликтүү соттордун төрагалары менен жолугушту

Бөлүшүү:

 Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева жергиликтүү соттордун төрагалары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралу Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди.

2016-жылдын сентябрь айынан баштап Жогорку соттун Төрайымы 7 облустун бардык райондук сотторун кыдырып, алардын материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25 июндагы  № 4267-V токтому менен бекитилген  “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасында «Сот системасы ачык-айкын жана анын иши жарандык коом тарабынан контролдоо үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Натыйжада сот мамлекеттеги коомдук турмуштун айдыңына көз карандысыз, жеке таламдардан, саясий көшөкөрлөнүүдөн жана идеологиялык ынанымдардан оолак, мамлекетте мыйзамдын жана адилеттиктин кепили катары чыгууга тийиш. Күчтүү сот бийлигинин болушу экономикалык укук мамилелеринин туруктуулугунун өбөлгөсү болуп калууга жана өлкөнүн экономикасынын атаандашуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга тийиштиги»  каралган.

Сот тутумун жеткиликтүү каржылоо менен бирге, ылайыктуу имараттар менен камсыздалуусу, бар имараттарды модернизациялоо, ал эми зарыл болгон жерлерде талап кылынган  нормативдерге ылайык жаңы имараттарды куруу. Ошондой эле, Программада жашы жете элек өспүрүмдөргө атайын бөлмөлөр, соттордун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу каралган.

Өзүнүн сөзүндө кыргыз Фемидасынын башчысы жергиликтүү соттордун ишинин анализинин жыйынтыктары менен тааныштырды. Ал анализде алдыда турган көйгөйлөр көрсөтүлгөн.

Калкты күтүүдөн жана убаракерчиликтен куткаруу үчүн башкы этаптарда туура иш жүргүзүүнү сунуштады.

Белгилүү болгондой, соттордун төрагаларынын иши эки бөлүктөн турат: административдик жана соттук ишмердик. Ошого байланыштуу жергиликтүү соттордун айрыкча облустук соттордун төрагалары тарабынан көзөмөлдү күчөтүү маселеси талкууланды.

Бирдиктүү практика түзүү жана сот актыларынын жокко чыгаруу пайызын жалпы республика боюнча азайтуу максатында ар бир кварталда каралган иштердин канчасы, эмненин негизинде жокко чыгарылгандыгы жөнүндө анализ жүргүзүү жана облустук соттун коллегиясында райондук жана шаардык соттордун катышуусу менен, келип чыккан көйгөйлөрдү жоюуну талкуулоо да зарыл.

Судьялардын жана сот аппаратынын кызматкерлеринин тартиби тууралуу да Төрайым өз сөзүндө баса белгиледи.

2016-жылдын жыйынтыктары боюнча Жогорку сот тарабынан ар бир судьянын ишинин майнаптуулугу боюнча анализ жүргүзүлөт. Анализдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Жыйындын соңунда Медиапланда каралган иш-чаралар, тагыраак айтканда, укуктук аң-сезимди жогорулатуу жана сот тутумунун жакшы беделин чыгаруу максатында райондук мектептерде жана ЖОЖдордо түшүндүрүү лекцияларын, ачык сабактарды өткөрүү талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: