2017-жылдын 1-апрелинен тарта Өзбекстанда ишкерлик субъектилерди каттоо күнү-түнү онлайн режимде жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.
Өзбекстан өкмөтү 28-октябрда «Мамлекеттик каттоо жана ишкерлик субъектилерди эсепке алуу системаларын жакшыртуу тууралуу» токтом чыгарган.
Токтомго ылайык, 2017-жылдын 1-апрелинен тарта мамлекеттик каттоо жана ишкердик субъектилерди эсепке алуу Интерактивдүү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталына бириктирилген интернет аркылуу күнү-түнү ишке ашырылат.
Токтомдун талаптары банктар менен насыя бюролоруна, алардын өкүлчүлүктөрүнө жана мамлекеттик эмес коммерциялык уюмдарга тиешелүү эмес.
Борбордук банк менен Маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана коммуникациялар министрлиги электрондук төлөмдөр кызматын көрсөткөн уюмдарга интернет аркылуу банк эсептери эсептөө механизмин ишке ашырууда көмөктөшөт.
Өкмөт ошондой эле ишкерлик субъектилерди интернет аркылуу каттоодо мамлекеттик алымдарды эки эсеге төмөндөтүү ниетинде.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ