Menu

Өзбекстандан немис журналисти депортацияланды

Бөлүшүү:

Ташкентте 10-ноябрда кармалган немис журналисти Эдда Шлагер 11-ноябрда мамлекеттен чыгарылды. Бул тууралуу Аsiaterra басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, ушул тапта Казакстанда жашап жаткан журналист Шлагер Ташкентке 4-декабрга белгиленген шайлоону чагылдыруу жана Ислам Каримовдон кийин Өзбекстандагы жашоо, немис коомчулугу менен таанышуу максатында келген.

Эдда Шлагер Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинен аккредитация ала албай, 3-ноябрда туристтик виза менен кирүүгө мажбур болгонун, коомчулук менен жолукканын билдирген.

Аны 10-ноябрда мейманканада милиция жана Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кармап, суракка алышкан. “Чек арасыз кабарчылар” жана Германия Тышкы иштер министрлигинин аралашуусу менен журналист депортацияланган.

Эдда Шлагер Өзбекстандан айдалган жалгыз журналист эмес. 2005-жылы эл аралык журналист Игорь Ротарь, 2012-жылы BBС кабарчысы Наталья Антелава, орус журналисти Виктория Ивлева, 2014-жылы москвалык фотосүрөтчү Константин Саломатин чыгарып жиберилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: