Menu

Порошенко Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Украина президенти Петр Порошенко АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Украина президентинин сайтында жазылган.

Порошенко Трампты президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча жаңы администрация менен активдүү кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ал орусиялык агрессияга каршы турууда жана зарыл болгон реформаларды ишке ашырууда Вашингтон тараптан Украинаны колдоо аракеттеринин улантылышы маанилүү экенин белгиледи. Сүйлөшүүнүн соңунда мамлекет башчылары байланыштарды улантуу, анын ичинде эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү тууралуу макулдашты.

Порошенко Трампты ыңгайлуу болгон учурда Украинага келип кетүүгө чакырды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: