Menu

Казакстанда ММКлар тууралуу мыйзам долбоору оңдолууда

Бөлүшүү:

Казакстанда Маалымат жана байланыш министрлиги жеке маалыматтарды жарыялоого чектөө киргизген талаштуу мыйзам долбоорун өзгөрттү.

Министр Даурен Абаев билдиргендей, айрым персоналдык маалыматтарды жарыялоодо жазуу түрүндө уруксат алуу керек болот. “Буга тек-жайын күбөлөндүргөн документ, жеке идентификациялык номерлер, жеке телефондор, даректер, иштеген жер, эмгек келишиминин шарттары жана башкалар кирет”,-деди ал.

Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор дагы иштелип чыгат.

Сентябрда Маалымат жана байланыш министрлиги электрондук өкмөттүн сайтына ММКлар жөнүндөгү мыйзам актыларына киргизилип жаткан толуктоолордун концепциясын жарыялаган. Ага ылайык, журналисттер жеке жашоого жана өздүк маалыматтарга байланыштуу материалдарды жарыялоодон мурун кат түрүндө ошол адамдын өзүнөн же өкүлүнөн уруксат алууга милдеттендирилген. Эгер өздүк маалыматтар мурда жаңылыктарда жана расмий түрдө жарыяланган болсо, анда аларды колдонууга чектөө киргизилбей турганы белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: