Menu

Боб Дилан адабият боюнча Нобелди алууга барбайт

Бөлүшүү:

Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын быйылкы лауреаты Боб Дилан 10-декабрда өтө турган сыйлык тапшыруу аземине катышпайт. Бул тууралуу Швеция академиясы билдирди.

16-ноябрда таратылган билдирүүдө ал өзү академияга кат жазып, сыйлык үчүн ыраазычылыгын билдирип, бирок салтанатка катышуудан баш тартканын айткан.

Бир ай мурда Нобел комитети адабият сыйлыгын америкалык ырчы Боб Диланга берүүнү чечкен. Андан соң бир апта өткөндөн кийин гана Боб Дилан өзүнүн расмий сайты аркылуу сыйлык үчүн ыраазычылыгын билдирген. Көп өтпөй сайттан бул билдирүү өчүрүлгөн.

Маалыматтарга караганда, ал бир апта бою комитеттин өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн качып, телефонун алган эмес.

Буга чейин 75 жаштагы Дилан Telegraph басылмасына курган маегинде сыйлык тапшыруу аземине катышарын жана Швециянын падышасы Карл XIV Густавдын колунан 900 миң доллар сыйлыкты алууга дилгир экенин айткан.

Музыка тарыхында “Битлзден” кийинки эле экинчи орунда аталып жүргөн Дилан өзү аткарган ырлардын музыкасын гана эмес, сөздөрүн да жазат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: