Menu

Бакыт Төрөбаев: Насыяны ГЭС жана чоң автотрассаларды курууга алса болот, бирок көчө чырактары үчүн эмес!

Бөлүшүү:

Акыркы учурларда ММК маалыматтарында  Жогорку Кеңешке “Бишкек шаарын жарыктандыруу системасын жаңылоо” долбоору талкууга түшөөрү маалымдалып жатат. Аталган долбоор Европа өнүктүрүү банкы тарабынан 11 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржыланаары айтылат.   

«Аталган  документ парламентке келип түшсө, биз, албетте абдан дыкат текшерип, тактап чыгабыз. Бирок, ансыз дагы аз эмес сырткы карызыбызды көчө чырактарын сатып алуу үчүн көбөйткөнүбүз өкмөткө дагы, шаар бийлигине дагы аброй алып келбейт”, – деген оюн айтты “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери, ЖК депутаты  Бакыт Төрөбаев. 

Анын оюнда, сырттан карыз албай бүтчү тармактар жок эмес, бирок, шаарды жарыктандыруу ал тармактарга кирбейт.

«Шаар бийлиги бул маселелерди чечүүнүн башка жолдорун издесе болмок. Бул насыя Бишкек шаары үчун эле алынып жаткандыгы дагы адилеттүүлүккө жатпайт, анткени, Ош, Балыкчы, Нарын сыяктуу Кыргызстандын башка шаарлары караңгы отурганын эске алсак.

“Биздин партия эки жылдан бери “Жарык шаар” долбоорун Кыргызстандын бир нече калктуу аймактарында ишке ашырып келет. 200 миң адамды камтыган бул долбоорду биздин партия өз эсебинен камсыздап, келечекте кеңйетүү аракетин көрөбүз”, – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

 “Жарык шаар”  долбоорунун мисалында шаар маселелерин оңой эле чечүүгө болоорун “Өнүгүү-Прогресс” партиясы далилдеди. «Бул маселелерди чечүүдө шаар бийлиги өз бюджетинде көрсөтүп жаткан чоң суммадагы акчалар керектелбейт.  Ачык башкаруу менен катар адистик тажрыйбанын айкалышы менен шаар тургундарынын жашоосун колубузда болгон каражаттын эсебинен эле жакшыртууга болот”, – деп өз сөзүн жыйынтыктады Б.Төрөбаев.

 Маалымдама

“Жарык шаар” долбоору “Өнүгүү-Прогресс” партиясы тарабынан 2015-жылдан бери Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Балыкчы, Кызыл-Кыя, Баткен, Кадамжай ж.б. калктуу аймактарында ишке ашырылып келет.

LED-прожекторлорун орнотуу жолу эң жөнөкөй: үй жашоочуларынын жарык орнотуу тууралуу официалдуу кайрылуусу, жарыктандыргыч орнотулган жерге оңой жетүүнү камсыздоо жана трафарет-информерди орнотуу.

svetlyj-gorod

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: