Menu

Нурдин Абдылдаев: Эгер Бишкек мэриясы парктарга кам көрө албаса, аларды ижарага берүү керек

Бөлүшүү:

«Бишкек шаары өзүнүн “жашыл шаар” статусун жоготконуна көп болду. Учурда парктар шаардын жалпы аянтынын 7 гана пайызын түзөт жана бул көрсөткүч жыл сайын азайып барат. Эгер мэрия менен «Зеленстрой» парктарга кам көрүүнү камсыздай албаса, анда ал аймактарды инвестициялык арендага берүү керек!” – деген пикирде Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Нурдин Абдылдаев.

Талапкердин айтымында, өнүккөн өлкөлөрдүн “акылдуу шаар” долбоорлорунда шаардын жашыл аймактарынын көбөйүшүнө кам көрүлгөн. Мындай долбоорлор мамлекет менен жеке сектордун келишиминин негизинде ийгиликтүү иш алып барууда. “Өнүгүү-Прогресс” партиясы Кыргызстанда дагы ушундай тажрыйбаны колдонуу менен мыкты ийгиликтерге жетишүүгө болоорун белгилейт. Аталган долбоорду ишке ашырууда мэрия байкоочу, текшерүүчү милдетин алат дагы, этап менен Бишкек шаарындагы жашыл аймактарды кеңейтүү жолдору ачылмак.

«Жогорку Кенештеги биздин фракция парктын төрттөн бир бөлүгүн (жалпы аянттын 25%) инвестициялык арендага берип, аренда алуучулар арасында конкурс, тендер өткөрүүдө ачыктыкты талап кылууну демилгелеген. Ал жерде арендага алуучу аймактын 70% жашылдандырууга милдеткер болгон атайын нормалар киргизилген. Ошондой эле долбоору жана аларды ишке ашыруудагы бюджети кеңири жазылышы керек”, – деп белгиледи Нурдин Абдылдаев.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы эки окуудан өткөн  аталган мыйзам долбоорунун кабыл алынышына аракет кылат.  Андан соң, жазылгандарды ишке ашырууга кезек келет. Бул иш менен Бишкек шаардык кеңешинде алпурушабыз, “Өнүгүү-Прогресс” борбор шаарыбыздын жашыл аймактарын кеңейтүү жана  жакшыртуу багытында көптөгөн иштерди аткара берет”, – деп өз сөзүн жыйынтыктады талапкер Нурдин Абдылдаев.

onuguu-logo-2

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: