Menu

Изилдөө: Тажикстан терроризм коркунучунун алдында алсыз

Бөлүшүү:

Тажикстан аймактагы өлкөлөр арасында террористтик коркунуч алдында кыйла алсызыраак. Бул тууралуу Лондондогу Экономика жана тынчтык институту тарабынан жыл сайын түзүлчү Терроризмдин глобалдуу индексинде айтылат.

Экономика жана тынчтык институтунун аналитикалык департаментинин жетекчиси Даниэль Хислоп 2015-жылы Тажикстанда терроризмге каршы операциялардын жыйынтыгында 12 киши өлтүрүлгөнүн белгиледи. Негизинен өлкөдө коркунуч Ооганстанга чектеш аймактарда болот. Ага Ооганстандын Тажикстан чек арасына жакын жайгашкан түндүк провинцияларына Талибандын жакындашы себеп.

Жарыяланган маалыматтарга ылайык, дүйнөдө акыркы төрт жылдан бери өсүп келе жаткан террордук чабуулдардан курман болгондордун саны 2015-жылы 10 пайызга азайган. Эгер 2014-жылы алардын саны 32 миң 658 кишини түзсө, 2015-жылы террорчулар менен экстермисттердин колунан 29 миңден ашык адам курман болгон.

Терроризм курмандыктарынын азайышынын бирден-бир себеби «Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы реалдуу согуштук аракеттердин башталышы. Ошол эле маалда эксперттердин корутундусунда террордук коркунуч деңгээли дүйнөнүн 23 өлкөсүндө, анын ичинде Европада өсүп, «Ислам мамлекетине» кирген террордук топтордун потенциалы кеңейгендиги белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: