Menu

Германиядан 12 миң ооган качкыны чыгарылат

Бөлүшүү:

Германия бийлиги 12 миңден ашык ооган качкынды мекенине кайтаруу ниетинде. Өлкө өкмөтү андай кадамга барууга Ооганстандын ири шаарларындагы коопсуздуктун абалы мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Учурда Германиянын аймагында 250 миңге жакын оогандык бар. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин баамында, бул Ооганстандан чыккан жарандардын жалпы санынын 5 пайызга жакынын түзөт. Качкындарды мекенине кайтарууга каршы болгондор өлкөдөгү абал жетишерлик деңгээлде туруктуу эмес экенине тынчсызданып, жашоочулар үчүн мурдагыдай эле коркунуч бардыгын билдиришүүдө. 2015-жылы Германия Ооганстанга 9 гана адамды жөнөтсө, 2016-жылы алардын саны 27ге жетти.

1994-жылы Ооганстанда «Талибан» ислам кыймылы пайда болгон. 1996-жылы алар бийликке келип, өлкөнү 2001-жылга чейин башкарган. АКШда болгон 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттардан кийин НАТОнун башкаруусундагы эл аралык коалициянын куралдуу күчтөрү Ооганстанда аскердик операцияларды баштап, ислам кыймылынын бийлиги кулатылган. 2014-жылы Пентагон аскердик миссиясын аяктаган, бирок исламчыл топ кылмыштуу ишмердүүлүгүн, анын ичинде маңзатын сатуу жана бошотуу үчүн акча талап кылуу максатында адамдарды туткунга алуу менен алектенүүсүн улантып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: