Menu

Юридикалык жактарды жоюу жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлөт

Бөлүшүү:

Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору (Граждандык кодекске, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамга) 3-окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Асель Кодуранова баяндама жасады.

Мыйзам долбоору юридикалык жактарды жоюунун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө жана ар кандай деңгээлдеги юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актылардын ортосундагы карама-каршылыктарды четтетүүгө багытталган. Юридикалык жак өзүн жоюлушу жөнүндөгү чечими жана ликвидациялык комиссиянын чечими берилиши керек болсо, бүгүнкү күндө мындай 2 чечимдин зарылчылыгы жок. Мындай жагдай жоюу процессинин татаалдашына жана иштин ашыкча создугуусуна алып келет. Ошого байланыштуу тиешелүү мыйзамдарга түзөтүү киргизилүүдө.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: