Menu

Тапталган күлүк – Өмүрбек Бабанов, “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери: “Алмазбек Шаршенович президенттик шайлоону таза өткөрүүгө кызыкдар”

Бөлүшүү:

Каарманыбыз менен коомчулуктагы кызыктуу көрүнүштөр боюнча маектешүүнү салтка айлантуудабыз. Бул башталышы гана, ал эми кийинки мезгилдерде элди кызыктырган суроолору боюнча жооп алып турмакчыбыз.

— Өмүрбек Токтогулович, өткөн жылкы парламенттик шайлоо астында андагы өнөктөшүңүз Камчыбек Ташиев менен өмүрү ажырагыс кишидей тандемге барып, бириге койдуңар эле, андай биригүү идеяңардын деле өмүрү узак болбоду. Ташиевди сатып кеткениңизди Нурлан Шакиев бир курдай маегинде айтканы бар. Эки жээкке бет алганыңыздарга эмне түрткү болду?

— Экөөбүздүн мамилебиз азыр да жакшы экендигин айта алам. Биз ар убак байланышып, көрүшүп турабыз. Тилекке каршы, өткөн жылкы парламенттик шайлоо учурунда биздин партиядагы аламан жарышка аттанган талапкерлердин тизмесинен ал киши алынып калды. Эгер Камчыбек Кыдыршаевич парламентке депутат болуп келсе, татыктуу эл өкүлү катары өлкөбүздөгү чоң өзгөрүүлөргө салымын кошот эле. Эми буйрук ушундай экен, өнөктөшүм парламентке келе албай калды. Туура, бүгүнкүгө дейре мамилебизге, биздин тандемге карата “Бабанов Ташиевди сатып кетти” деген кептер айтылууда. Бүгүн андай кептердин баардыгына чекит коюуга мезгил келди. Мен буга чейин, дегеле мурда-кийин бирөөнү сатып көргөн киши эмесмин. Биздин партиядан өздөрү кетип калгандар экөөбүзгө карата чындыкка коошпогон маалыматтарды байма-бай айтып турушту. Мындай шартта элибиз да ыксыз кыйкыргандардын үнүн угуп, алардын айткан кептерине ишенип калышат тура. Камчыбек Кыдыршаевич менен аз күн мурда эле жолугуштук. Буга чейин биз бир идеянын, бир туунун алдында чогуу-чаран иш жүргүзүп келгенбиз. Биздин жолугушуубузда Камчыке: “Мен “Республика – Ата Журт” партиясынан чыгып, Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров башында турган саясатчылар менен биригип, келечекте алар менен биргеликте бир саясый күчтүн алдында күрөшкө аттанганы жатам. Бирок биздин бири-бирибизге болгон мамилебиз, көз караштарыбыз мындан ары да бирге болот” деген тилегин билдирди. Албетте, ар бир адам келечекке карай чечимин өзү кабыл алат. Бирок Камчыкенин кабыл алган чечими туура эмес болгондугун, экөөбүз мындан ары да саясатта бирге болуу жагынан оюмду ачык айттым. Ошентип, эки саатка чукул отуруп, талкуулап, бул жаатта абдан кызуу сүйлөштүк. Акыры Камчыбек Кыдыршаевич мындан ары тандап алган саясый багыты менен кетерин билдирген соң, мен ага ийгилик кааладым.

— Алдыда бүйүр кызыткан шаардык жана жергиликтүү кеңештерге карата шайлоого старт берилди. 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо сиздердин партиянын жаштарынын алды тузакка илингени бар эле. Бул сапар да дүбүртүңөр катуулап жатат, алдыдагы шайлоодо партияңардагы Канат Мидин уулу баштаган топ жарган жаштарды колдонуп, саясый күчтөр тарабынан ар кандай бут тосуулар болсо, өсүп келе жаткан андай балдарды “кокустатып” албайсызбы?

— Бишкек шаардык кеңешине карата шайлоодо биздин партиянын атынан жарышка аттанган талапкерлердин сап башына буга дейре партиябыздын жаштар канатын жетектеп келген, партиябыз түптөлгөндөн бери биздин команданын түйшүгүн кошо тартышып келе жаткан, келечегинен көптү үмүттөндүргөн Канат Мидин уулун койдук. Канат 1-катарда талапкерлердин көчүн баштап баратат. Билесиңер, шайлоонун шайтан оюндары көп болот. Айрыкча кыргыз саясатында. Мен алдын ала “мындай болбойт, тигиндей болбойт” деп айта албайм. Мына биометрикалык, электрондук добуш берүү боюнча биздеги шайлоолор бир топ тазалана түштү. Мындай шартта Кудай буюрса, Бишкек шаардык кеңешинде биздин партия үчүн жакшы жыйынтыктар болот. Биз бул жолку шайлоо жарышынан өлкөбүздөгү 22 шаардан партиябыздагы өз талапкерлерибизди чыгардык.

— Сиз президенттик жарышта үчтүн бири болчу фаворит фигура катары таанымалсыз. Азырынча олжосун күткөн арстанча дымып, тыным кармап жаткандайсыз. Же “чабал өрдөктүн” кейпин кийбей, ыңгайы келгенде адатыңызча “уруп чыгуунун” схемасында баш катырып жатасызбы?

— Качып кеткен Аскар Акаев, Курманбек Бакиевден кийин алты жыл президенттик тактыда отурган мамлекет башчыбыз Алмазбек Шаршенович өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактап, Башмыйзамда каралган ыйгарым укуктарын пайдаланып, өлкөдө туруктуулукту орнотуп, келерки жылы президенттик кызматын тапшырып берүүнү максат кылууда. Анын мындай пикиринен соң, чоң сыноого чыгууну каалаган бир топ фигуралар болсо керек. Себеби, Алмазбек Атамбаев “президенттик шайлоо таза, ачык-айкын болсун, талапкерлердин каалаганы чыксын” деген демилгесин байма-бай билдирип жатат. Мындай шартта талапкерлер жарышка катышуу ниетин бирөө эртелеп, бирөө кеч айтат экен да. “Республика – Ата Журт” партиябыздын бул боюнча чечимин жалпы коомчулук күтүп турат. Биз алдыдагы чечимибизди Кудай буюрса, январь же февраль айында жарыялайбыз. Азырынча шаардык жана жергиликтүү кеңештерге карата шайлоолор өтсүн, жыйынтыгын күтөлү. Президенттик шайлоого барыш үчүн команда чечиш керек. Билесиңер да, чоң аламан жарышка аттанган соң, утуп келиш керек. Эгер утулаарыңды алдын ала билген соң, анда жарышка катышуунун эмне кереги бар? Күтө тургула, биздин чечим жакынкы айларда белгилүү болот.

— Жакында парламентте жаңы өкмөттүн курамы кайрадан куралды. Бул жолку министрлер кабинети сиздин купулуңузга толдубу? Жаңы түзүлгөн коалициянын тагдыры канчалык деңгээлде узак болот?

— Жаңы өкмөттүн курамы боюнча парламентте сегиз саат бою талашып-тартышкан чоң талкуулар болду. Мен, маселен, өкмөттүн программасына карата каршы добуш бердим. Себеби, өкмөттүн программасын көрө алган жокмун. Программа деген жалпы айткан маселе болуш керек эмес да. Программа аныкталган, мөөнөтү чектелген, жоопкерчилигинин аныгы жазылышы керек эле. Мындай программаны азыркы өкмөт жарата албады. Ал эми өкмөттүн структуралык курамына макулдугубузду бергенибизге бир гана себеп болду. Анткени, азыркыдай оор экономикалык кризис абалда тез арада өкмөт иштеп кетпесе, эртеңки абалыбыз кыйындап кетет. Чынын айтканда, Сооронбай Шарипович баштаган команданын иштегенине жети ай араң болду. Бул аралыкта өкмөттүн ишинде тыңгылыктуу деле жыйынтык болбойт. Жыйынтыгын бир жыл өткөн соң күтөлү, ошого жараша чечим кабыл алып, баабызды берели да, туурабы? Өкмөттүн азыркы курамындагы структурасын дагы оптималдаштырыш керек болчу. Көптөгөн министрликтерди кыскартып, саламаттык сактоо, билим берүү, күч органдардын башына келип жаткан кадрлардын компетенциясын карап, алардын татыктуу, татыктуу эмесин талдоо зарыл эле.

— Өмүрбек мырза, бизде саясый маданияттын жоктугуна, элге үлгү болчу лидерлердин душмандашуусуна кандай көз караштасыз?

— АКШда болуп өткөн президенттик шайлоону баарыбыз эле көрдүк да. Ал шайлоодо баса белгилөөчү эки чоң нерсе болду. Мен ойлойм, андагы көрүнүштөрдү Кыргызстанга да алып келишибиз керек. Мамлекеттин президенти Барак Обама өзү баш, администрациясы төш болуп, Хиллари Клинтонду ачык колдоп, анын атаандашы Дональд Трампты каралап турушту. Ошого карабай Трамп шайлоодо утуп келди. Бул эмнени көрсөтөт? Бул накта демократиянын өнүккөнүн, административдик ресурстун жоктугун айгинелейт. Анан калса, эки талапкер дебаттан бири-бирине оор айыптар менен салгылашты. Шайлоо түнкү саат 11лерде бүтсө, Хиллари айым өзүнүн утулгандыгын атаандашына айтып, куттуктаса, Дональд Трамп дароо “Хиллари Клионтондун биздин мамлекеттин өнүгүшүнө салымы зор, дагы да салым кошот” деп мактады. Мына саясый жактан өнүгүп-өскөндүк. Мунун баарын эмнеге мисал кылдым? Кыргызстандын саясый аренасында ашып кетсе 15ке жакын гана баш көтөргөн саясатчы бар. Биздин саясатта жүргөн адамдар баардыгы кандай кырдаал болбосун сүйлөшүүлөргө даяр болушу керек. Баардыгыбыз “кайсы жол менен мамлекетти алып кетебиз?” деген суроонун айланасында баш катырышыбыз зарыл. Өзүңөр билесиңер, Камчыбек Кыдыршаевич менин дарегиме карата 1-вице-премьер-министр кезимде кандай гана сындарды айтчу эле? Ошого карабай биз мамлекетибиздин кызыкчылыгы, түндүк-түштүк ажырымын бекемдөө максатында бирикпедикпи? Бул саясый көрөгөчтүктү гана билгизет. Мамлекет бул бирөөнүн колтугуна басып алган жеке менчик компания эмес да. Саясатта жүргөн инсандар бири-бирине ой-пикир, көз караштары туура келбегени жаман көрүнүш эмес. Мамлекеттик чоң саясатта жүргөн саясатчылар эч качан бири-бирине душман болбошу шарт.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ 

Булак: “Азия ньюс”              

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: