Menu

Бийликке мураскер табуу кыйынга турууда

Бөлүшүү:

Аз күн мурда Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров бирикти го. Келаткан жылдагы президенттик шайлоого бир талапкер чыгаруу боюнча муштумдай түйүлүшүп. “Бу саам добуштарыбызды уурдатпайбыз” деп жер тепкилеп турушат. Дал ушул саясый күчкө дагы бир топ үлкөндөр кошулуп кетишери турган иш… Экинчи жагынан парламенттеги Өмүрбек Текебаев, Канатбек Исаев, Бакыт Төрөбаев оппозициялык фракциялардын лидерлери катары ынтымакка келишип, аламан байгеге карай жемиштүү чечимдери менен чыгышы ыктымал. Экс-премьер-министр Темир Сариев дагы өз алдынча күч топтоп, белдүү фигураларды өзүнө тартып, таасирдүү саясатчы катары ат тизгинин кое бериши күтүлүүдө. Албетте, туш тараптан кысып аткан чакта  Алмазбек Атамбаев душмандарга таканчык бере турган ылайыктуу мураскер таппай калбайбы? Азыр ажонун айланасында, же анын ишенимине бекем кирген, топ жара турган фигура жокко эсе. Ким билет? Мезгилдин мажбурлоосу менен Өмүрбек Бабановдун бактысы ачылып кетсечи? Жогорудагы “бөрүлөр” кокус бийликке келип калышса, Атамбаевди ачык куугунтукка алышары ажеп эмес. Ал эми Бабанов менен Атамбаев илгертен бери үзөңгүлөш, мурдагы партиялаштар катары жыттары сиңишип калган жайы бар. Соңку убакта дүйнө таанымы өскөн, финансы жана электорат жагынан камчы салдырбаган БӨТ эгер АШАнын көңүлүн тапса, бийликтин мураскери катары чыкчу болсо, анда күлүккө камчы салбагандай эле марага биринчи келүүгө толук кандуу шансы бар. А эгер бийлик башка бир ыргылжың талапкер менен теминип чыгып алса, анда максатка жетүү кыйын. Учурда көрүп атасыңар, аткаруу кызматтарында КСДПнын таасирдүү адамы жок. Кадр саясаты аксап, кыйчалыш кырдаал түзүлүп турат…

Сакен БӨРҮБАЕВ

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: