Menu

Тажик жактоочусу Бузургмехр Ёров кайрадан алдамчылыкка айыпталууда

Бөлүшүү:

Дүйшөмбү шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы 23 жылга эркинен ажыратылган адвокат Бузургмехр Ёровго карата жаңы кылмыш ишин козгоду. Белгилүү жактоочу кайрадан алдамчылыкка айыпталууда.

Маалымдалгандай, жаңы кылмыш иши Бузургмехр Ёровду акча алып, бирок милдеттенмелерин аткарган эмес деп айыптаган адамдар тобунун даттануусу боюнча козголгон. Азырынча иш тууралуу башка маалыматтар жок.

Ушул жылдын 6-октябрында Дүйшөмбү шаардык соту адвокат Бузургмехр Ёровду 23 жылга эркинен ажыраткан. Соттун чечимине ылайык, жактоочу жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өткөрөт.

2015-жылдын 29-сентябрында Тажикстан ИИМи Бузургмехр Ёров алдамчылыкка, жана документтерди жасалмалоого шектелип камакка алынганын билдирген. Өткөн жылдын декабрында тергөө белгилүү жактоочуну Кылмыш кодексинин дагы үч беренеси боюнча айыптаган. Анын ичинде «эл алдында экстремисттик ишмердүүлүккө чакыруу» айыбы да бар болгон.

Бузургмехр Ёров соттогу акыркы сөзүндө тагылган кинелерди четке кагып, кылмыш ишинин саясий негизде козголгонун билдирген. Айтымында, ал Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясынын соттолгон активисттери менен мүчөлөрүн жактоого алуу ниети үчүн куугунтукка кабылган. Алар өткөн жылдын сентябрындагы окуяларга тиешеси болгон деп айыпталышкан. Окуя бийлик тарабынан өлкөнүн коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал Абдухалим Назарзоданын козголоңу деп аталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: