Москвада Кыргызстан жана Орусия тышкы иштер министрликтеринин ортосунда эл аралык терррорчулук маселеси боюнча кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди. Кыргызстан делегациясын министрдин биринчи орун басары Динара Кемелова баштап барды. Орусия тарапты министрдин орун басары Олег Сыромолотов жетектеди.
Тараптар “Ислам мамлекети” террордук уюму менен терроризмди каржылоого каршы күрөшүү маселелерин талкуулап, коомдогу радикалдуу маанайга жол бербөө жана БУУ, ШКУ, ЖККУ алкагында контртеррористтик кызматташуу боюнча пикир алышты.
Кемелова коопсуздуктун жаңы коркунучтарын жана чакырыктарын жок кылуу үчүн эки өлкөнүн компетенттүү органдары өз маалында маалымат алмашып, күчтөрдү бириктирүү маанилүүлүгүн белгиледи.
Кеңешме учурунда ТИМ өкүлдөрү саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуулар боюнча сүйлөштү. Ошол эле маалда Орусияга келген эмгек мигранттары, аларды ишке орноштуруу, “кара тизмеден” чыгаруу жана Москвадагы өрттөн каза болгон кыз-келиндердин ишине байланыштуу тергөөнүн жүрүшү талкууланды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ