Авариядан улам бүгүн Алматынын батыш бөлүгүндөгү бир канча кичи райондун жашоочулары жылуулуксуз калышты.
«Алматы жылуулук тармактары» компаниясы жума күнү саат 8ден тарта Калкаман кичи районундагы керектөөчүлөр жылуулук берүү системасынан 20 саатка өчүрүлгөнүн билдирди.
Жылуулук берүү үчүн жооптуу болгон компания келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурады.
Алматыда бүгүн 6 градустай суук. Кечээ шаардын Өзгөчө кырдаалдар боюнча департаменти 19-20-ноябрь күндөрү суук болору тууралуу кыска билдирүү таратып, катуу кар жаай турганын маалымдаган. Синоптиктер Алматыда аба ырайынын чукул өзгөрө турганын эскертишкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ