Menu

“Крыса” деди эле… ИИМдеги Тайыров качанкыга чейин тайралаңдайт?

Бөлүшүү:

 Президент Алмазбек Атамбаев милициялардын күнүндө “ИИМдеги “крысаларды” Кашкар тазалай албаса, мен өзүм жок кылам” деген маанайда катуу сөз айткан. Ага чейин ок-дары, курал саткан погончондордун чуусу чыкканы белгилүү эле. “Дагы кайсы “крысалар” болду экен?” деп коомчулук ойлонуп калган.

Эсиңерде болсо, экс-министр Кашкар Жунушалиев ГУБОПтун бөлүм башчысы Бакир Тайыровду кылмышка шектүү иштеринен улам кызматтан алганы, анан көп узабай ал Акүйдөгү “крышасынын” звоногу менен ордунда калганы чуу жараткан. Тарыхка кайрылсак, бир дагы министрдин коллегиядан кетирген кадры кайра ордуна кайрылып келбептир. А бу жерден таңгалычтуу жагдай жаралганы кандай? Бул кооптуу фигура болуп жүрбөсүн?

Курманбек Бакиевдин каардуу режиминин тушунда Б.Тайыров Финполдо майлуу кызматта отурган. Шефи Акимжан Муйбиллаевдин “кошелогу” болгону айтылып келет. Кийин бийлик алмашкандан соң ары-бери урунуп жүрүп, Бакир адатынча Акимжанды “кидать” этип, башка кожоюндарга өтүп кетет. Акыры ал ИИМдеги уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкөн башкармалыкка ишке орношкону, министрдин экс-орун басары Какен Сатыбалдиевдин колтугуна кирип, көнгөн “кошелектук” кызматын аркалай баштаганы ММКларга чыгып кеткен. Көп өтпөй Какен кызматтан алынган, “башын жеди”. Анан көп былыктарынын айынан Б.Тайыров коллегиядан катуу тил угуп, кызматынан алынганы менен каккан казыктай ордунда кала бергенин жогоруда эстебедикпи. Мындай “сыйкырдуу көрүнүшкө” пулдун күчү жардам берген эмеспи?

Эмесе, тумандаткан ишмердигине суроо менен кайрылалы. Бакир мырза, сиз Чаткалдагы Терек-Сай шаарчасындагы сурьма чыккан кенге көз артып, жакын адамыңызды тендерге катыштырганыңыз, ставканы 4 миллион долларга чейин көтөртүп, натыйжада, утуп алганыңыз ыраспы? Негизи эреже боюнча Терек-Сайга сурьма иштеткен комбинат курулмак экен, бирок сиз оңоюна качырып, баалуу металлды жергиликтүү элге “кыргызбайчасынан” каздырып, контрабанда жолу менен Кытайга сатып атасызбы? Эгер бул кен мыйзамдуу жолу менен ишке киргенде, мамлекетибиздин казынасына миллиондогон каражат түшпөйт беле? Чоңдордон “крыша” издеп, жеке чөнтөгүңүздүн камын ойлогонуңуз ушулбу? Өзүңүз көмүскөдө жатып алып, жакын адамдарыңыз аркылуу байып, элдин ырыскысын жеп атасызбы?

Албетте, бул суроолорго жооп беришиңиз керек. Коррупцияга шектүү фигурант катары көрүнүп атасыз го? Биз бул маселени жөн койбой, журналисттик иликтөө жүргүзгөнгө аракет кылмакчыбыз.

Сакен БӨРҮБАЕВ

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: