“Жаңы конуштун жашоочулары шаардын борбордук бөлүгүнүн жашоочуларына салыштырмалуу 2 эсе аз каржыланат”, – деп белгилейт Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Аликбай Сариев.
Талапкердин айтымында, жаңы конуштардын жана алардын жашоочуларынын потенциалы абдан кеңири. Алар Бишкек шаарынын жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өз эмгектери менен чоң салымдарын кошуп жатышат. Жаңы конуштун көптөгөн жашоочулары соода-сатык, тейлөө, жеңил өнөр жай тармактарында иш алып барышат.
Ошол эле маалда жаңы конуштун өнүгүүсүнө жеткиликтүү көңүл бурулбайт, алар көп жылдардан бери “өз киндигин өзү кесип келишет”. Шаардын бюджетинен бөлүнгөн сумма 25 жаңы конушка бөлүштүрүлө келгенде анчалык деле көп эмес болууда.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясы өз программасында жаңы конуштардагы жашоо деңгээлин көтөрүү багытындагы бир топ сунуштарды берген.
«Азыркы абалында жаңы конуштар инвесторлор үчүн кызык эмес, бирок, аларды ушул абалда калтыруу эч мүмкүн эмес”, – деп белгилейт А.Сариев.
Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” партиясы инвесторлор, бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, жыйынтыгында жаңы конуштардын өнүгүүсүнө инвестиция тартылат эле.
“Биздин ишибиз шаарыбыздын борборундагы жыштыкты азайтуу, жаңы конуштарда альтернативалуу борборлорду түзүүгө багытталган”, – деп өз сөзүн жыйынтыктады Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Аликбай Сариев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ