Menu

Ташиев менен Бабанов эки жолго түшүштү

Бөлүшүү:

Өткөн жылы кол кармашып, шайлоого бирге аттанган Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов эки жолго түшкөнү маалым болду. Шайлоо өнөктүгүндө эки лидер Төө-Ашууда бири-бирине кар чачышып ойноп, такыр бөлүнбөчүдөй таасир калтырып, бактылуу жүздөрүн көрсөтүшкөн. Кимисинин ичинде “ит өлгөнү” азырынча коомчулукка билине элек. Экөөсү тең жакшы мамиледе калганын айтышууда. “Республика – Ата Журт” партиясы менен парламентке кирип, төраганын орун басарлыгына жеткен Алтынай Өмүрбекова “Азаттыкка” “Бир жума мурун Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов жолугуп жогорудагыдай чечимге келишти. Ташиев мындан аркы кадамын Келдибеков, Мадумаров аркылуу улай турганын билдирген. Ошондуктан жергиликтүү кеңешке Камчыбек Ташиев өзүнүн “Ата Журт” партиясы аркылуу чыгып атат” деп айткан. Ташиев, Келдибеков, Мадумаров бирикти деген маалымат чындыкка төп келүүдө. Ахматбек Келдибеков дагы “Ата Журт” менен кайрадан саясатка аралаша турганын билдирген.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: