Menu

№12 «Өнүгүү-Прогресс»: Бишкекке «жашыл тилкелер» керек!

Бөлүшүү:

«Борбор шаарыбыздын аз сандагы парк, сквер, жашыл тилкелери ар кайсы тарапта чачыранды жайгашкан. Шаарда “жашыл тилкелерди” түзүү жолу менен аларды бириктирүү, бир тилкеге чогултуу сөзсүз керек. Учурда бардык аллеялар, жөө адамдар үчүн тротуарлардын жээктерине бак-дарактарды отургузуу зарылчылыгы келип чыгууда», – деп эсептейт Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Нурдин Абдылдаев.

Талапкердин ою боюнча, борборубузду өнүктүрүү үчүн шаар аймагын комплекстүү долбоорлорго өтүшүбүз керек. Нурдин Абдылдаев: “Эгерде биз жер тардыгына байланыштуу парктарды, жашыл аймактарды кеңейте албасак, жашылдандырылбаган, бак-дарактар отургузулбаган, отургузулса дагы каралбай калган жол жээктерин, тротуар, аллеяларды жашылдандырууга киришүүбүз азыркы учур талабы. Шаардыктар эс алуу, таза абадан дем алуу үчүн сөзсүз эле анын сыртына чыгышы керек эмес”, – деген оюн айтты.

Шаарды аралай өткөн канал, суу жээктери шаардыктар үчүн ыңгайлуу эс алуучу аймактарга айланып, жалпы эл үчүн алар жеткиликтүү болушу зарыл. “Мындай “жашыл тилкелерди” жашылдандыруу, инфраструктурасын жакшыртуу сыяктуу маселелерден тышкары, алардын укуктук статусу дагы аныкталышы керек. Буга Бишкекбашкыархитектурасынын ишмердүүлүгүнүн  ачык иш алып барышы көмөк көрсөтө алат. Мына ушул көтөрүлгөн маселелер Бишкек шаардык кеңешинде “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын негизги демилгелери болоору анык. Биз, “шаардын аймагы жана ресурстары” деген түшүнүктү түп-тамырынан бери жалпы шаардыктардын пайдасына өзгөртүүгө аракеттенебиз”, – деп жыйынтыктады Нурдин Абдылдаев.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: