АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп улуттук коопсуздук боюнча жардамчы кызматына запастагы генерал Майкл Флиннди дайындады. Бул тууралуу Трамптын айланасындагы адамдарга шилтеме кылган булактар билдиришүүдө.
Генерал Флинн Ооганстанда армия чалгынынын башчысы болгон. Кийин 2014-жылга чейин Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгын жетектеп, бирок басым алдында отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Болжолдуу себеп катары анын Конгресстеги угууларда ачык билдирген исламга карата терс мамилеси айтылган. Ал ошондой эле дүйнөлүк державалар менен Ирандын ортосунда түзүлгөн өзөктүк курал боюнча келишимге терс баа берип келет.
Акыркы президенттик шайлоодогу өнөктүк маалында Флинн Хиллари Клинтон жөнүндө терс билдирүүлөрдү жасап, ал кызматтык кат жазышуулар үчүн корголбогон жеке почта серверин пайдалангандыгы үчүн анын талапкерлигин алууга чакырган.
Андан сырткары Флинн Орусия жана жеке Путин тууралуу бир канча жолу жакшы пикирлерди айтып, өткөн жылдын декабрында Russia Today телеканалынын 10 жылдыгына арналган банкетке катышуу үчүн Москвага келип кеткен.
Акүй аппаратына кызматкерлерди дайындоодо министрлерди дайындагандай Сенаттын жактыруусу талап кылынбайт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ