Menu

Таалайбек Сариев: Шаар бийлиги сунуштап жаткан жол жээгине унаа токтотуу демилгеси, жолдорду жокко чыгарат

Бөлүшүү:

«Бишкек мэриясы мамлекет менен жеке ишкерлердин келишиминин негизинде “Жол жээгиндеги унаа токтотуучу жайлар” долбоорун ишке ашырууну пландоодо. Бул эч бир маселени  чечпеген, жөн эле акчаны асманга сапырган долбоор экени, биз айтпасак дагы түшүнүктүү.  Биз азыр деле, жол жээктери унааларга жык толуп турганын көрүүдөбүз, мындай абал жол кыймылына тоскоолдук жаратып, жол тыгындарын күчөтүүдө. Шаардыктар бул көйгөйдү чечип берүүнү суранып жатышса, шаар бийлиги абалды ого бетер курчутууну көздөгөнү акылга сыйбаган иш. Бул иш үчүн 3 млн. АКШ доллары сарпталганы турат”, – дейт  Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Таалайбек Сариев.

 “Ошол эле маалда, “Өнүгүү-Прогресс”  партиясынын «Натыйжа көрсөтөбүз!» аттуу платформасында Бишкек шаарындагы жол тыгындарын азайтуу максатында көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайларды куруу сунушталган. Бул боюнча пилоттук долбоорду күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратынан баштаса болот. Аталган имарат шаардын чок ортосунан орун алып, анын жанында Акүй баштаган административдик имараттар, банк, оорукана, кафелер ж.б. жайгашкан. Андыктан, көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын бул жерде салынышы шартка ылайыктуу болмок”, – деп белгилейт Таалайбек Сариев.

 “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын эсеби боюнча атайын металл конструкцияларынан курулган 500 орундук көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын баасы 1,5 млн. АКШ долларын түзөт. «Эгер шаар бийлигинде 3 млн. доллар табуу мүмкүнчүлүгү бар болсо, анда акылга салып иш кылып, ал сумманы пайдалуу долбоорго жумшаганга эмнеге болбосун! Бардык нерсе алдыга коюлган максаттардан жана аларга жетүүнүн жолдорунан көз каранды. Эптеп эле шайлоочулардын көзүн будамайлаган жеңил-желпи чечимдер учурдагы шаар бийлигинде көп катталууда”, – деди Таалайбек Сариев.

onuguu-logo-2

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: