Menu

Өзбекстан түрк жарандары үчүн визаны жоёт

Бөлүшүү:

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Өзбекстан түрк жарандары үчүн визаны жоюшу мүмкүн экенин билдирди. Ал эки өлкө ортосундагы мамилелердин жаңы барагы ачылганын басма сөз жыйыны учурунда айтты. Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган 17-18-ноябрь күндөрү расмий делегация менен Өзбекстанга барган.

Түркиянын «Haber Turk» гезити маалымдагандай, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Өзбекстанга барып келгенден кийин журналисттер алдында сөз сүйлөп жатып, Түркия Өзбекстан жарандары үчүн виза режимин жойгонун, Өзбекстан дагы ушундай эле кадамга барарын маалымдады.

Бирок Түркия ТИМ башчысы Өзбекстан түрк жарандары үчүн визасыз режимди кайсы убакыттан тарта киргизерин так айткан жок.

Түркиянын «Anadolu» расмий маалымат агенттиги Эрдоган менен Мирзиёевдин жабык эшик артындагы сүйлөшүүлөрү дээрлик үч саатка созулганын кабарлады. Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган акыркы 16 жылдан бери Өзбекстанга биринчи жолу расмий сапар менен барды.

Самарканддагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жарыяланган билдирүүдө Түркия Өзбекстанды Борбор Азиядагы приоритеттүү өнөктөшү катары эсептей тургандыгы айтылган. Ошондой эле кызматташтыкты мындан ары дагы өнүктүрүү зарылдыгы белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: