Menu

Фото – Бир ай мурда 24 жылкысы менен кошо кокустан Өзбекстанга кирип кеткен Аксылык Акылбек жылкылары менен кошо бошотулду

Бөлүшүү:

Тактап айтканда, эки мамлекеттин ортосундагы Өкмөттөр аралык дипломатиялык мамилелердин натыйжасында жана аны менен бирге эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 19-ноябрь күнү 20:30 дар чамасында Өзбек республикасынын чек ара кызматкерлери Курулуш айылынын тургуну Акылбек Боронбаевди жана жылкыларын Ала-Бука районунда жайгашкан “Баймак” чек ара тозотунан өткөзүп беришти.

Эске салсак, жылкычы Акылбек Боронбаев Аксы районундагы Киндик-Таш участкасында мал сарайда мал жандык менен алектенип жашаган.  21-октябрь күнү жылкылары жайытта жүрүп Сөгөт-Сай участкасы аркылуу  коңшу Наманган обласынын Хазрати-Шах участкасына өтүп кеткен. Жылкычы артынан кирип кайтарып чыгуу максатында чек арадан жылкылары менен кошо Өзбекстан чек арачыларына кармалган болчу.

2016-жылдын 10 ай ичинде Жалал-Абад облас аймагынан Өзбек Республикасынын аймагына жалпысынан 162 баш мал жандыктары кирип кеткен, алардын ичинен 53 жылкы жана 109 майда мүйүздүүлөр.

Ал эми кирип кеткен 162 баш мал жандыктардын ичинен 148 баш мал кайтарылган. Алардын ичинен 49 жылкы 99 майда мүйүздүүлөр.

Жогорудагы фактылар боюнча мал жандыктар Аксы районунун аймагында талаада жүрүп кирип кетишкен,кирип кеткен мал жандыктары Аксы районунун Өзбек Республикасынын жергиликтүү бийлик өкүлчүлүктөрү тарабынан жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде кайтарылган.

Жалал-Абад обласынын башка райондорунан Өзбек Республикасынын аймагына мал жандыктар өтүп кеткен фактылар жок. Бирок ага карабастан жергиликтүү жарандарга (айрыкча чек арага тилкеш жайгашкандарга ) өз мал жандыктарын кароосуз жайыттарга калтырбоону эскертебиз.

aksylyk-akylbek3

aksylyk-akylbek4

aksylyk-akylbek5

aksylyk-akylbek6

aksylyk-akylbek7

aksylyk-akylbek

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: