Menu

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Бир-эки ай ичинде Атамбаевге импичмент жарыялоо үчүн олуттуу документтерди жыйнап, укуктук факт базасын даярдап бүтүрөбүз”

Бөлүшүү:

«Түштүк Кореяда президент айым өзүнүн жакын курбусун жардамчы кылып алып, мамлекеттик иштерге аралаштыргандыгы үчүн Түштүк Кореянын прокурору президент айымдын курбу-жардамчысын суракка алды жана аны күнөлүү деп тапты. Азырынча президентке импичмент жарыялай элек. Президенттик иммунитети болгондугу үчүн, импичмент жарыялоого өзгөчө процедуралар талап кылынгандыгы үчүн президентти суракка алган жок. Бирок президентти да суракка алабыз деп турушат. Мен көптөн бери парламентте да, ММКларда айтып келатам, бүгүн бизде президент жана анын айланасындагылар Конституциядан сырт жол менен чектен чыгуу жана бийликти өзүм билемдик менен ээлеп алуу аркылуу өлкөнү башкарып келатат деп.  Буга далил – КР Конституциясынын 63-беренесинин 3-пунктунда “Президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде саясый партияларга мүчөлүгүн тотктото турат жана саясый партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана болбосун иш-аракеттерин токтотот” деп. Бул эл аралык стандарт боюнча эч кандай партияга көз ымдап да жан тартпаш керек. Бизде тескерисинче быйыл февраль айында Чолпон-Атада өткөн СДПК партиясынын курултайында, анын эң жогорку  органы – саясый кеңешине президенттин аппаратында иштеген, Атамбаевге түздөн-түз көз каранды болгон адамдар партиянын жогорку жетекчилигине кирди. Партияны президент өзүнүн аппараты аркылуу жетектеп жатат.

Дагы бир далил – Атамбаев ага каршы сүйлөгөн СДПКнын депутаты Жанар Акаевге “сенин шайлоо кампанияңды биз каржылаганбыз” деп  СДПК партиясынын финансисти катары, анын уюштуруучусу катары, СДПК партиясынын кожоюну катары эл алдында айтты.

Президент өзүнө ыйгарылган арбитрдик, калыстык милдетинен тайып, бир саясый күчкө жан тартып, анан эң негизгиси – өзү жана анын айланасындагылар конституцияда берилген компетенциясынын чегинен чыгып, мамлекеттик иштерге аралаша баштады деп айтып келгем. Ошондуктан бүгүн мен жарандык коомго, жарандык активисттерге, депутаттарга кайрылып, президентке импичмент жарыялоо үчүн документтерди жыйноо жараяны бакшталды деп билдиргим келет.

Бир-эки ай ичинде, январь-февраль айларында бул документтер жыйналып, импичмент жарыялоону баштоо үчүн укуктук факт базалары даяр болот. Бир олуттуу документтерди даярдайбыз.

https://www.youtube.com/watch?v=VcykR1t-yMY

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: Сентябрь

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: