Menu

Казакстандын айрым облустарында автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө кирди

Бөлүшүү:

Чыгыш-Казакстан, Павлодар, Алматы жана Жамбыл облустарында аба ырайынын начарлашынан улам автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар “Казакавтодор” мамлекеттик ишканасына шилтеме берүү менен кабарлашууда.

Чыгыш-Казакстанда сууктун күчү 30-35 градуска жетүүдө. Буга байланыштуу коомдук транспорттордун жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилди.

Павлодар, Алматы, Жамбыл облусундагы айрым автожолдордо дагы унаа кыймылдары азайтылды.

Дүйшөмбү күнү Астанада жана бир катар райондордо мектептерде сабактар токтоду.

Алматыда коммуналдык кызматтар жолдорду кар күрткүдөн тазалоого үлгүрбөй, бул ишке жоокерлер да тартылды.

Гидромет кызматынын маалыматы боюнча аяздуу аба ырайы Казакстандын бүтүндөй аймагында өкүм сүрүүдө. Абанын температурасы ушу күндөрү орточо температурадан 13-20 градус төмөн болууда.

24-25-ноябрда Түндүк-Казакстан, Акмоло, Павлодар облустарында кар жаап, катуу бороон согору күтүлүүдө. Аталган үч облуста аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу эскертүү берилди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: