Menu

Трамп Клинтонду кылмыш жоопкерчилигине тарттыруу ниетинен баш тартты

Бөлүшүү:

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп инаугурациядан кийин Хиллари Клинтонду кылмыш жоопкерчилигине тарттыруу ниетинен баш тартты. Бул тууралуу Трамптын шайлоо командасынын менеджери билдирди.

Кеп Клинтон АКШнын мамлекеттик катчысы болуп турганда колдонгон жеке почта сервери жана Клинтондун үй-бүлөсүнүн фондунун ишмердүүлүгү жөнүндө болуп жатат.

Washinton Post гезити жазгандай, Дональд Трамптын кылмыш ишин ачуу же токтотуу боюнча чечимдери бийликтин саясий жана укуктук протоколдорунун мурун болуп көрбөгөндөй өзгөрүшүн түшүндүрүшү мүмкүн.

Ушул учурга чейин Кошмо Штаттарда кылмыш ишин ачуу, токтотуу же документтерди текшерүү жана айып тагуу – бул башкы прокурордун же Федералдык иликтөө бюросунун иши болуп келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: