Түркмөн президентинин жалгыз уулу Сердар Гурбангулыевич Бердымухамедов 20-ноябрда парламент депутаты болуп шайланды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдирүүдө.
Өткөн жекшембиде үч шайлоо округунда парламенттен кеткен депутаттардын ордуна шайлоо болуп өттү. Ахал облусунун № 24 округунан эл өкүлү болуп Сердар Гурбангулыевич Бердымухамедов шайланды.
Башка эки округдан депутаттык мандат Говхер Байрамов жана Юсупгулы Ишаевге тийди. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында аларга күбөлүктөр тапшырылды.
Өз булактардын маалыматы боюнча Сердар Бердымухаммедов 2016-жылы 15-июлда жоюлуп кеткен Түркмөнстан президентинин алдындагы Көмүрсуутек ресурстарын башкаруу жана колдонуу агенттигинде жооптуу кызматты аркалаган. Эртеси эле Тышкы иштер министрлигине жумушка орношкон. Сердар Бердымухаммедов 2014-жылы августта кандидаттык диссертациясын жактаган. Бир жылдан кийин, 2015-жылы июлда ал техникалык илимдердин доктору деген илимий даражага ээ болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ