Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңеште “Мародёрчулук, банктык уюкчаларды талап-тоноочулук фактыларына, ошондой эле улутташтырылган объекттерди сатып өткөрүүгө байланышкан маселелерди иликтөө боюнча” убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы депутат Анвар Артыков комиссияга көп иштерди иликтөө милдети жүктөлгөнүн билдирди. Ал иштердин баарын тез иликтеп чыгуу мүмкүн эмес экендигин, ошондуктан комиссиянын иштөө мөөнөтүн кийинки жылдын 1-мартына чейин узартып, маселелерди бөлүп алып, иликтөө аягына чыккан багыттар боюнча комиссиянын корутундусун чыгара берүүнү сунуштады. Мисалы, “Кыргызтелеком” ААК тарабынан интернет кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатууга тиешеси бар маселелерди иликтөө иши аягына чыгарылып, анын корутундусу даяр экенин билдирди.
Бирок, депутаттар комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартып беришкени менен бүгүн комиссиянын “Кыргызтелеком” боюнча корутундусун укпай, Анвар Артыковду сүйлөтпөй коюшту.
Билермандардын айтуусунда комиссиянын төрагасы, КСДПчы депутат, Текебаевдин эзелки душманы Анвар Артыков жогор жактын ишарааты менен жакын арада мародерчулук боюнча комиссиянын корутундусун алып чыгууга шашылып жатат. Атамбаевдин импичмент боюнча Текебаевге болгон жообу – бул Анвар Артыковдун мародерчулук боюнча көтөргөн чуусу болот окшоп калды.
https://www.youtube.com/watch?v=NErQrUUCMwk
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео: Санжар Калматай
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ