Menu

Порошенко Крым жана Донбасс маселесин Трамп менен талкуулады

Бөлүшүү:

Украина президенти Пётр Порошенко аннексияланган Крым маселесин жана Донбасстагы жаңжалды АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен талкуулаганын айтты.

Мындай билдирүүнү Порошенко Украина-ЕБ саммитинен кийин өткөн маалымат жыйынында билдирди. Трамп менен сүйлөшүү учурундагы башка маселелер тууралуу ал кеп козгогон жок.

Крым Орусия тарабынан 2014-жылы мартта аннексияланган. Жарым аралда өткөн референдумду дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү, анын ичинен Кошмо Штаттар жана евпропалык мамлекеттер тааныган жок.

Трамп шайлоо алдындагы кампаниясы учурунда Крымды Орусияныкы катары таануу жагын карап көрүүнү убадалаган. Анын айтымында, бул маселеде жарым аралдын жашоочуларынын пикири эске алынышы керек. Ал ошондой эле бир нече жолу Орусия менен мамилени жакшыртууну кааларын баса белгилеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: