Menu

Жарандык авиация агенттигинин бөлүм башчысы жасалма документ менен Ми-8 тик учагын сатып жиберишкен

Бөлүшүү:

Транспорт прокуратурасы “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “Жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, энбаскы, мөөр, бланктарды жасоо, сатуу жана пайдалануу” беренеси боюнча иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка караганда, 2013-жылы Жарандык авиация агенттигинин мурдагы бөлүм башчысы У.Ш. “А” компаниясына таандык Ми-8 тик учагын аба кемелеринин тизмесине каттоо үчүн жалган уруксат документтерди жасаган жана берген. 2014-жылы “А” компаниясы бөлүм башчыдан Ми-8 тик учагын сатуу үчүн аны тизмеден алып таштоону сураган, өтүнүч орундатылган. Натыйжада Ми-8 тик учагы “М” компаниясына сатылып кеткен.

Бирок 2016-жылы “М” компаниясынын башкы директорунун кайрылуусу менен аталган тик учакка берилген документтердин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Жарандык авиация агенттиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн.

Комиссия Ми-8 тик учагы өлкөнүн аба кемелеринин тизмесинде катталбаганын жана агенттик тарабынан эч кандай уруксат документтер берилбегенин аныктаган.

Комиссияга берилген документтер Жарандык авиация агенттигинин оргиналдуу документтерине окшош болуп чыккан. Аларда башка компанияга берилген номерлер, тыкыр көзөмөлгө алынган, бирок эсеп-кысаптан чыккан, жок кылынган бланктар колдонулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: