Жыргалбек Сурабалдиевди өлтүргөн деген шек менен өмүр бою эркинен ажыратылып, бирок Бакиев бийлиги кулагандан кийин акталып чыккан Эркин Мамбеталиев тууралуу учурда бир топ айың кептер айтылууда. Бир кезде Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп калган экен. Ошондон уламбы айтор бул жигитке оппозициячылдар асылды да калышты. Жакында боло турчу жергиликтүү кеңешке шайлоого катуу аралашып, Камчы Көлбаев менен биригип атайын команда түзүп жатканы айтылууда. Мунун арты эмне менен бүтөөрү азырынча белгисиз. Бир кезде дал ушул Камчы Көлбаев менен биригип иш алып барган Бакиевдердин тагдыры эмне болгонун жакшы билебиз да.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ