Жогорку Кеңеште беш фракциянын ичинен эң эле пассивный СДПК фракциясы. Депутаттары ооз ачып сүйлөй алышпайт. Марионеткалардай болуп отурушат. Парламенттик шайлоого аттанып жатышканда “биз президенттин саясатын колдойбуз” дешкен эле. Азыр болсо талкан сугунуп алышкансып унчугушпайт. Жаштар деп жаштарды, журналисттер деп журналисттерди кошушту эле. Алардан да ныпым пайда бодгон жок. Кыскасын айтканда Икрам Илмиянов СДПКнын тагдырына балта чапты. Шайлоого карата депутаттардын тизмесин Илмиянов түзгөнүн штабдан айтышкан эле. Айрыкча түштүк тараптан талапкерлердин баарысы дал ушул шоопурдун элегинен өтүшкөн. Эми мына аталган партиянын эшеги суудан өтө албай эңшерилип калды биринчи эле жылында. Дагы төрт жыл иштеши керек. Төрт жылда бул курам менен төрт аяктап калышпаса болду.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ