Асылбек Жээнбеков кайда? Көрүнбөйт го ыя? Карааныңдан кагылайын кайдасың деп издей турган болуп калдык да. Спикерликтен түшкөндөн кийин ага Атамбаевдин кереги жок болуп калганбы же таарынтканбы? Бир ооз ачып сүйлөп койбойт го чиркин. Агасы Сооронбайдын согу чыгып бүттү. Асылбек болсо спикерликтен түшкөндөн кийин бакандай болгон үч бөлмөнү ээлеп алып отурат. Парламентте көтөргөн бир маселеси жок. Максаты эмне? Деги эле анын Атамбаевдин саясатына көз карашы кандай? Бизге түшкөн маалыматтарга Караганда, Асылбек мырза СДПКнын кемеси чөгө баштаганынан улам жылуу-жумшак жай издей баштаптыр. Тымызын Текебаев тарапка өтүп кетсем дегенде эки көзү терт дейт. Анан калса Конституциянын өзгөртүлүшүнө да каршы экен. Сооронбай агасы да илең-салаң болуп, мойнунан байлаган иттей болуп араң жүргөнүн айтыптыр бир тууганына…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ