Menu

Франсуа Фийон Франциянын президенттигине талапкер болду

Бөлүшүү:

Болжолдуу маалыматтар боюнча Франциянын мурдагы премьер-министри Франсуа Фийон консерваторлордун праймеризинде жеңишке жетти. Экинчи турда ал шайлоочулардын дээрлик 70 пайызынын колдоосуна ээ болгон. Reuters кабарлагандай, анын атаандашы, өлкөнүн мурдагы премьери Ален Жюппе добуштардын 32 пайызын алган. Француз ММКлары бюллетендерди саноо аяктай электигин белгилешүүдө.

Франсуа Фийон Орусия менен мамилени оңдой турганын билдирген. Ал Москвага каршы киргизилген санкцияларды алуу жана аны менен Сирияда кызматташуу маселесин кайра карап чыгууга даяр.

Elabe институтунун маалыматы боюнча праймериздин экинчи турунда 4,2ден 4,6 миллионго чейин адам добуш берди. Алардын үчтөн экиси өздөрүн оңчул-борборчул деп атаса, 15 пайызы солчулдарды, 9 пайызы Улуттук фронтту колдойт. Калгандары өздөрүн эч бир партиянын тарапташы катары эсептешпейт. Праймериздин бир жума мурда өткөн биринчи турунда добуш бергендердин 15 пайызын солчулдар түзүшкөн. RFI белгилегендей, алардын башкы максаты талапкерлердин катарынан мурдагы мамлекет башчысы Николя Саркозини четтетүү болгон.

Акыркы сурамжылоолорго ылайык, Франсуа Фийон чоң артыкчылыкка ээ. Анын 2017-жылы жайында өтө турган Франциядагы президенттик шайлоодо Улуттук фронттун лидери Марин Ле Пендин атаандашы болору күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: