Menu

Калдарбек Койлубайтегин, журналист: “Бирөөнүн намысын жайына эле койгулачы …”

Бөлүшүү:

Укмуштуунун төөсү жорго демекчи, шарап ичпей мас абалга тушуккан кырдаалда “каралоо” балээси  мушун түйүп, көзүнө көрүнгөн-көрүнбөгөндү соккулап уруп, ыгы келсе келбесе баса калып жыгылып, “Анжиянда акем бар, ал да мендей шалаакы” болуп жатканы өкүндүрбөй койбойт.

Ырасында чыгаан саясатчы Ө. Текебаев президенттин короосуна колундагы күбөнаамаларга таянуу  менен чындыктын ташын ыргытып киргенин коом ар кандай таризде кабыл алды. Бирине жакса, экинчисине жакпай…”Доордун акылы, ар намысы” болгон бийлик “акылмандары”  чарк-чамаларынын айынан чабалдык кылышып, оозундагы жемин тарттырып жиберишип, “жаман оозду” басуу максатында “каралоонун” ыплас түрлөрүн пайдаланышып кырдаалды жайгаштыруу ордуна, кайра ага май тамызышып, курчутуп алышты шекил. “Белизгейт”, Салянованын үстүнөн кылмыш ишин козгоо, атамекенчилерди атамекенчилердин оозу менен шыбоо…

Атурсун кечээ күнү интернет айдыңында “НАМЫСЫ ЖОК ҮЧ САЯСАТЧЫ ЖЕ АТАЙЫ ТҮЗҮЛГӨН ОППОЗИЦИЯ” деген ат менен Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаровдун биригүүсү ашык-кеми жок Текебаевге каршы түзүлдү деп жазып чыгышты.  Тоббо! Көрсө алар биригүү жараянынан соң өздөрүнүн асыл максаттарын ачык айтышкан эмес тура. Бүттү. Кудум эле “ ким мага каршы болсо, ал эл душманы” деген президенттин  ыкмасы…

Түшүнүксүз жагдай: бийликчил маалымат булактары бул үчилтикти мактап , таптап Текебаевге каршы койду деп бүтүм чыгарганына караганда , кезектеги эле “чагым” отун тутантып жатканынан кабар берип тургансыйт. Бекназаров Текебаевди “шыбаса шыбагандыр”, бирок ал Атамбаев менен чогуу ал да жооп берип калат дегендей ойун айтып жатканын гана  анын айткандарынан аңдоого болот. Кандайынан алба бул Бекназаровдун өзүнүн гана  чындыгы. Аны туура же натура деп айтууга эч кимбиздин укугубуз жок.

Ал эми Келдибековго келсек, экс-спикер үч жыл бою үстүнөн козголгон кылмыш ишин менен алпурушуп, соттон сотко чуркап, ара жолдо ден соолугунун азабын тартып, үч соту  тең күнөөсүн далилдей алышпаса да  айып пулга жыгылып, башын араң бошотуп, адилеттик үчүн күрөшкө чыгууга кам көрсө, мына сага- ошол замат  катардагы “дүжүр” кылып ташташты.

Ооба, атурсун Атамбаев  да бир канча жолу Келдибековдун атын атап: “Ал ууру, кары-картаңдар, жетим-жесирлердин ырыскысын уурдап байыган ууру!”, – деп, куугунтуктап камап, кадыр-баркын тебелеп, саясатта өлүккө айлантты. Кыйын болсо не үчүн президентке каяша айткан жок дегендей күнөө койушуп жатышканы да кызык. Ар нерсенин убак-сааты бар, кези келет. Же көчөгө чыгып алып эле жылаңач баатырдай  кыйкыра берсе мүйүз чыгып калмакпы? Ошол армандуу-армансыз  соттук териштирүүдө жогорудагы  айткандардын бири да далилденбегенден кийин , бирок  жогор жактын буйуртмасы менен кара күчкө тигинтип айып пулга жыкканына шылтоолоп анын короосуна котур таштарды ыргыта бергенден не мандем.

Экинчиден, эмне үчүн үчилтик өз алдынча саясий күч болуп чыга албайт? Салмактап көрүшүп, абалды талкуулашса керек “что к чему “ деп. Анан эле  кантип чөгүп аткан кемеге барып жармашып калышсын!

Башкысы, талылуу көйгөйлөрдүн ана башы келип эле кайрадан  “бир келлеңи кыйсаң ону кайра өсүп  чыккан” түндүк-түштүк маселесин жыландын башындай кылтыйтып,  билгизбей гана “былгытып “, керектүү кез келгенде минаны жардырып жиберүү экендиги көрүнүп эле турбайбы. Шайлоонун шайтан ойундары жакындаган сайын бул курал кимдир бирөөнүн көзүр картасы болот окшоп калды. Бирок, мындай суук сөздөн  эл  таптакыр жадаганын, кыргызды кыргызга душман кылуу жакшылык менен бүтпөсүн эстеринен чыгарып ийишкени гана өкүндүрөт.

Окурмандар деле бул кабарды окушуп айраң таң калып, сөккөндөрү сөгүп эле  жатышат. Бийликтин долбоору деген жомок  жөн жеринен кыпчылып калбаса керек эле. Бийликтин ыдыгын көрүшүп, ак менен караны сонун ажырата алышкандар  кул сезими бардай байбачалардын   колуна суу куйуу дегениң, өзү отурган бутакты кыркуу менен барабар  экендигин унутпайлы.

Саясат дегениң ар качантан ар качан “ыпылас” болгонун эске салып, чыныгы оппозиция Текебаев тараптабы же ушул үчилтиктин короосундабы, деген соболго жооп издеп көрөлү… Бүгүнкү шоулардын түспөлүндө кайсыл тоонун уйкусурап жактанын эч ким айтып бере албайт. Эч ким. Бир билсе Текебаев жана Атамбаев эле билбесе… Анткени, жандарын үркүтүп коркуткан учур келатпайбы… Эгерде эле бийлик колдон ыргып кетчү болсо… Орустар айтмакчы “мало не покажется” болот да калат. Ошон үчүн бүгүн күн алдын  коркунучтардын этегин билгичтик менен кайрып, так  эсебин таап, эки жерде эки беш деп, чыбыкка бүтүм уруп койуш керекпи? Керек.

Үчүнчүдөн, чагым саясатта табылгыс  курал, башкысы аны атаандашыңан озуп уруп калсаң, мөөрөй сеники… Демек, же сен, же ал…  Муну да унутпайлы. Кимдир  бирөөнүн намысына катуу тийип, көңүлүн ооруткандан  күн батыштан чыга калбаса керек эле .Баарын мезгил гана  таразалайт, дарылайт. Күтө туралы.

Шер Койлубайтегин Калдарбек

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: