Menu

Ошто «Кыргыз элинин, мамлекетинин тарыхый, укуктук баскан жолуна саресеп» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү

Бөлүшүү:

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Кыргыз элинин, мамлекетинин тарыхый, укуктук баскан жолуна саресеп» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү  Тарых жана маданият жылынын алкагында уюштурулган иш чарага республикабыздын жогорку окуу жайларынын, илимий мекемелердин, эл аралык уюмдардын жана башка мамлекеттердин Ош шаарындагы Генералдык консулдары жана окумуштуулары өздөрүнүн түрдүү илимий докладдары менен катышты. Ушул күнү Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн маанилүү этаптарынын тарыхый өнүгүүсүн  чагылдырган китеп көргөзмөсү да уюштурулду. Мында көрүүчүлөр тарыхый темага байланыштуу материалдар менен кеңири таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Конференцияны алгач ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов куттуктоо сөзү менен ачып, тарых жана маданият жылынын алкагында жүзөгө ашырылып жаткан иш чаралардын актуалдуулугун баса белгиледи. Анткени аталган жогорку окуу жайда жыл башынан бери өткөрүлүп келаткан түрдүү темалардагы илимий-практикалык конференциялардын натыйжасында улуттук маданиятыбыз менен тарыхыбыз боюнча  тереү илимий маалыматтар жыйналган. Пленардык жыйында куттуктоо сөзү менен чыккан Кытай Элдик Республикасынын Ош шаарындагы Генералдык консулдугунун биринчи катчысы Ван Лицзю     эзелтен  эле элдерибиз достукта жашап келгендигин тарыхый фактылар менен айтып өттү Казакстан Республикасынын Ош шаарындагы Генералдык консулу Мухан Мадельханов конференция катышуучуларын кызуу куттуктап, жылуу маанайдагы каалоолорун билдирди.

Андан кийин сөзгө чыккан Ош технологиялык университетинин ректору техника илимдеринин доктору, профессор Абдыкадыр Абидов окумуштуулардын башын бириктирип турган мындай иш-чара тарыхый жана укуктук илимдердин өнүгүшүнө өбөлгө түзүп жаткандыгын белгилеп өттү ЖАЭИнин ага окутуучусу Кабылжан Юлдашев илимий багытта жаүы маалыматтар менен кеүири таанышууга шарт түзгөн Ош мамлекеттик юридикалык институтуна ыраазычылыгын айтты.

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун адвокатура жана юстиция факультетинин  деканы юридика илимдеринин кандидаты, доцент Шырман Бакирова  «Кыргыз  Республикасынын өкмөтүнүн конституциялык укуктук статусу» деген темадагы илимий докладын окуп, окумуштуу катары анализ жасады. Андан кийин ОшМЮИнин  тергөө-криминалистика  факультетинин деканы юридика илимдеринин кандидаты, доцент  Зулфия Матисакова «Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун конституциялык–укуктук негиздери» аттуу темадагы доклады менен чыгып, кеүири маалымат берүүгө жетишти.    Өлкөбүздүн  азыркы мезгилдеги  абалына ар тараптан илимий анализ  жүргүзгөн Ош мамлекеттик социалдык университетинин окумуштуу окутуучусу  Тынчтыкбек Кошоков  «Бүгүнкү күндө Конституцияны өзгөртүүгө референдум өткөрүү боюнча көз караш»  аттуу докладынын мазмуну менен тааныштырды.

Азыркы кездеги актуалдуу темадагы  илимий доклад менен чыккан ОшМЮИнин окумуштуу-окутуучусу юридика илимдеринин кандидаты, доцент Назира Кольсариева  Парламентаризмде парламенттик фракциялардын  аракеттери жана ээлеген орду боюнча кеүири илимий баяндама жасады. ОшМЮИнин эл аралык байланыштар жана илимий иштер боюнча проректору тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытовдун «Белгилүү инсандын белгисиз жактары» деген темадагы илимий доклады угуучуларда чоү кызыгууну жаратты.  Анткени окумуштуу белгилүү тарыхый инсандардын  азырга чейин коомчулука белгисиз жактарын изилдеп таап өзүнүн илимий эмгеги аркылуу жарыялоого жетишүүдө.

Эл аралык илимий-практикалык конференция күндүн экинчи жарымында өз ишин эки секцияда улантты. ОшМЮИнин окумуштуу окутуучусу юридика илимдеринин доктору  Нурбек Мурзаибраимов жана юридика илимдеринин кандидаты, доцент Назира Кольсариева модератор болгон 1-секция «Кыргыз элинин, мамлекетинин укуктук, конституциялык  тарыхына саресеп» деген теманын астында иш жүргүздү ОшМЮИнин окуу департаментинин башчысы тарых илимдеринин кандидаты, доцент Акбарали Сатаров жана тарых илимдеринин кандидаты доцент Э. Авазов модератор болгон 2-секция «Учурдагы гуманитардык  илимдердин көйгөйлүү маселелери»  аттуу темада уланды.

Аягында секциялык иштердин жыйынтыгы чыгарылып, конференциянын резолюциясы кабыл алынды. Конференцияда жылпысынан 114 илимий доклад каттоодон өттү Алардын мазмундуулары ОшМЮинин атайын илимий журналында жарыяланмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: