Menu

Иса Өмүркулов “Де факто” гезитин Жанар Акаевден кайра тартып алыптыр

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев өзүнүн айланасындагы ар бир жан-жөкөрүнө бирден ММК ачып, саясый оппоненттер менен күрөшүүгө, оппозицияны каралоого тымызын тапшырма бергени эбактан белгилүү.  Натыйжада:

  1. Абдил Сегизбаев “Эгемен” гезити менен сайтын каржылап, оппозицияны боктоо менен алек.
  2. Алмаз Үсөнов “Фокус” сайтын жана “Гезиттер.орг” котормо порталын,
  3. Фарид Ниязов “Вечерний Бишкек” гезити менен сайтын,
  4. Тайырбек Сарпашев “Ачык сөз” гезитин,
  5. Икрамжан Илмиянов “Политклиника” гезитин жана сайтын, “7-канал” жана ОшТВ телеканалдарын
  6. Рыскелди Момбеков “Фабула” гезитин
  7. Президенттик аппарат КТРК, ЭлТР, “Пирамида”, “5-канал”, “Биринчи радио” сыяктуу мамлекеттик ММКларды толук көзөмөлдөшөт.

Ал ММКларды каржылоо ар кандай айла-амалдар менен жүргүзүлүп келет. Айрымдары бюджеттен жем жесе, көбүнчөсү “майлуу-сүттүү” делген “Мегаком”, “Билайн”, “Манас” аэропорту сыяктуу ири ишканаларга байланып коюлган. Эми ушулардын баары бийликтин саясатын колдоп, оппозицияны боктоп жан багып келишүүдө.

Бир кезде медиаэксперт болуп жүргөн Илим Карыпбековдун “Де факто” гезити да ал мамлекеттик кызматка өткөндөн кийин бийликке кызмат кыла баштаган. Мындан 6 айча мурун СДПКнын көзүрлөрү Иса Өмүркулов менен Автандил Кулбараков “Де факто” гезитин Илим Карыпбековдон биротоло өз карамагына алышып, Атамбаевдин экс-пресс-секретары, азыр СДПКчы депутат, кесиби журналист Жанар Акаевге биздин максаттар үчүн иштетесин деп өткөрүп беришкен экен. Жанар Акаев иштетип келатып эле парламентте СДПКны сындай коём деп ишенимден чыгып, азыр СДПКнын короосунда жатка айланды. Акыркы маалыматтар боюнча парламенттеги СДПК фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Де факто” гезитин Жанар Акаевден кайра тартып алып башка көзөмөлгө өткөрүп бериптир. Редактор алмашылып, эми “Де факто” гезити СДПКнын кол алдында бийликтин ырын ырдайт экен.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: