Menu

Назарбаев камактагылар үчүн мунапыс жарыялоону сунуштады

Бөлүшүү:

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев камактагылар үчүн мунапыс жарыялоону сунуштады. «Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү» мыйзам долбоору парламент мажилисине жөнөтүлдү. Бул тууралуу «Казинформ» маалымат агенттиги билдирүүдө.

Документке ылайык, өспүрүм кезинде кылмыш кылгандар, кош бойлуу аялдар, эрезеге жете эле балдары бар аялдар, 60 жаштан ашкан эркектер, майыптар, ошондой эле анча оор эмес кылмыш жасагандар абактан бошотулат. Калган категориядагы камактагыларга карата мунапыс кылмышынын оордугуна жараша «келтирилген чыгымдын орду толтурулгандан кийин» чектелген санда гана колдонулат. Азырынча канча адам мунапыс менен бошотулары белгисиз, бирок алардын саны миңдеп саналары айтылууда.

Казакстанда буга чейинки эки мунапыс тең өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата жарыяланган. Казакстанда Эгемендүүлүк күнү 16-декабрда белгиленет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: