Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 29-ноябрда АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Уильям Тодду кабыл алды. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле алар эл аралык жана диний саясат жаатындагы айрым маселелер боюнча пикир алмашышты.
Бир ай мурда, 29-октябрда Ташкентке АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Томас Шэннон келип кеткен. Анда ал өлкө президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиеёв жана тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолуккан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ