28-ноябрда Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жолунун биринчи бөлүгү ачылып, ага Түркмөнстан менен Ооганстандын президенттери катышты.
Ооганстандагы Лажуверт темир жол бөлүгү чоң мааниге ээ. Ал жол Түркмөнстан менен Европаны байланыштырат деген үмүттөр бар.
Темир жолдун үч чакырымга созулган Имамназар-Акгине бөлүгү Түркмөнстан каражатынын эсебинен курулду. Бул үчүн Ооганстан президенти Ашраф Ганы ыраазычылык билдирди. Жол Антхой шаарына, андан ары Ооганстандын Кундуз провинциясы аркылуу Тажикстанга чейин жеткирилиши керек.
«Түркмөнстан менен Ооганстандын ортосунда соода алакалар өнүгүүдө. Темир жол куруу сунушу менен экономикалык карым катнаш өсөт. Түркмөнстан менен Ооганстан жакын коңшу жана дос. Келечекте Ооганстан Борбордук жана Түштүк Азиянын ортосундагы экономикалык кайчылаш жолго айланат. Бул мүмкүнчүлүк менен аймактагы башка өлкөлөр да пайдалана алат», — деди Гани.
Өз кезегинде түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов темир жолдун аталган бөлүгүнүн ачылышы Ооганстан үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Ал Ооганстанда тынчтык өкүм сүрүшү үчүн Түркмөнстан күчүн аябай тургандыгын айтты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ