Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети коомдук жайларда тамеки тартканы үчүн салынуучу айыптын өлчөмүн жогорулатууга багытталган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечи – депутаттар Д.Бекешев, М.Исаков, А.Самигуллина, М.Мавлянова, Е.Строкова.
Депутаттар тобу коомдук жайларда тамеки тартканы үчүн салынуучу айыптын өлчөмүн көбөйтүүдөн сырткары, тамекинин сатык баасын көтөрүү демилгесин да көтөрүүдө. «Тамекинин наркы кымбат болсо, анда аны балдар сатып алалбайт. Эгерде баа 40 сомго көтөрүлсө, бери дегенде бюджетке кошумча 196 млн сом түшөт», – дейт депутат Дастан Бекешев.
Ал үчүн КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, «Тамекинин зыяндуу таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ