Эгер Батыштын Орусияга каршы киргизген санкциялары болбогондо, азыр Орусия Федерациясы менен Кыргызстандын экономикасы таптакыр башкача абалда болмок. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин республикалык бюджет талкууланган жыйынында билдирди.
Анын айтымында, башкы өнөктөш Орусия болгондуктан, санкциялардан улам импорттун көлөмү азаюуда. Чектөөлөр Орусия экономикасы менен катар Кыргызстандагы экономикалык абалга да таасир этүүдө.
Жээнбеков импорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча үчүнчү өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып, учурда бул боюнча жылыштар бар экенин кошумчалады. Анын айтымында, кыргыз ишкерлери августтан бери Кытайга виза ала албай, бир катар кыйынчылыктар болду, бирок азыр ал меселелер чечилүүдө.
Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Азамат Сулайманов 2016-жылы Кыргызстан ЕАЭБдин жалпы кирешелеринен болжол менен 17,9 миллиард сом ала турганын билдирди. Бирок анын айтымында, үчүнчү өлкөлөрдөн импорттун көлөмү азайгандыгына байланыштуу 2 миллиард сомго жакын азыраак алып калуу тобокелдиги бар.
Бажы биримдигинин кирешелеринин жалпы көлөмүндөгү Кыргызстандын үлүшү 1,9 пайызды түзөт. Акыркы кездери ЕАЭБ өлкөлөрүндө импорттун көлөмүнүн басаңдашы байкалып, өз кезегинде ал бажы төлөмдөрүнүн азайышына алып келүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ