Казакстан парламенти шаршембиде “Геномдук жана дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке ылайык, жарандардын манжаларын жана алакандарын сканерден өткөрүү каралган.
Бул мыйзам долбоору адамдардын тек-жайын аныктоону жөнөкөйлөштүрүү максатында иштелип чыгып, ушул айдын ортосунда парламентке сунушталган.
Казакстан ИИМи билдиргендей, биометрикалык паспорттор Казакстандын чек арасынан өтүү маалындагы процедураларды жөнөкөйлөштүрөт.
Мыйзам долбоору боюнча паспорт алуу учурунда дактилоскопиядан 16 жаштан жогорку жарандар өтөт. Документке ылайык, виза алып жаткан учурда чет өлкөлүк жарандар дагы манжа издерин тапшырышат. Дактилоскопиялык процедурага качкындар, жарандыгы жоктор жана эмгек мигранттары дагы тартылат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ