Menu

Эрдоган: Түркиянын Сириядагы операциясы «конкреттүү адамдарга каршы багытталган эмес»

Бөлүшүү:

Бейшембиде Түркия президенти Режеп Эрдоган түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын түндүгүндөгү операцияларынын максаты террорчул уюмдарга каршы күрөшүү экенин билдирди. Reuters маалымдагандай, Эрдоган операция «кайсыл бир өлкөгө же белгилүү бир адамдарга» багытталбагынын белгиледи.

Шейшембиде Эрдоган түрк армиясынын сириялык көтөрүлүшчүлөр менен бирге өткөрүп жаткан «Евфрат калканы» операциялары тууралуу айтып жатып, алардын бири Сирия президенти Башар Асаддын бийлигин кулата турганын билдирип, аны «каардуу диктатор» деп атаган.

Анын бул билдирүүсү Асадга аскердик колдоо көрсөтүп жаткан Москваны таңданткан. Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков лидерлер ортосудагы шаршемби күнкү телефондук сүйлөшүү маалында Эрдоган Путинге өз позициясын «түшүндүрүп бергенин» билдирген.

Азырынча түркиялык аскерлер Сириянын түндүгүндө өкмөттүк күчтөр менен кагылышууларга бара элек. Алар «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна жана күрттөрдүн отряддарына каршы күрөштө куралдуу көтөрүлүшчүлөргө колдоо көрсөтүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: