Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Жашыл шаар даңкын Бишкекке кантип кайрып беребиз?

Бөлүшүү:

Бишкек мэриясынын алдында түздөн-түз ирригация, шаардын сугат системасына жооп бере турган муниципалдык кызматты түзүшүбүз керек. Бул тууралуу 2016-жылдын 1-декабрында Коомдук телеканал уюштурган  теледебатта Бишкек шаардык кеңешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан кандидаттыкка талапкер Рысбай Аматов билдирди.

Талапкердин айтуусунда, мурунку Фрунзе алып жүргөн жашыл шаар макамын азыркы Бишкек жоготту. Ошондой эле, көпчүлүк шаардыктар ноябрдагы калың жааган кардан улам кулаган, сынган бак-дарактардан зыян чегишти. Мындай көйгөйдүн башкы себеби, шаардагы ирригациялык системанын бузулушу болуп саналат.

«Шаардын сугаруу системасына ушул тапта “Зеленостройдо” иштеген 4 гана адам жоопкер. Советтик мезгилде ирригация системасында 100дөн ашык адам эмгектенген. Ошондуктан, борбор шаарыбыз жашыл шаарга айланган», – деп белгиледи Рысбай Аматов дебаттын жүрүшүндө.

Бишкектеги баардык жолдордун узундугу 1400 км, ал эми суу кеткен арыктардыкы  300 км ге жакын.  Ирригациялык системанын нормалдуу иштеши үчүн арыктар жолдун эки тарабынан тең чабылышы керек, жыйынтыгында 2800-3000 км узундукту түзүшү керек. Учурда шаардын ирригациялык системасы жалпы сугаруу жерлеринин 15% камтып жатат. Шаардагы сугаруу системасынын бузулушу, бак-дарактардын куурашы, жашыл аймактардын азайышы, жалпы шаардагы экологиянын бузулушу сыяктуу көйгөйлөрдү  жаратууда.

Рысбай Аматов шаардын ирригация системасын кайрадан иштеп чыгып, сугаруу иштерине гана жооп берген атайын муниципалдык органдын түзүлүшүн сунуштайт.  Анын айтымында, азыркы сугаруу башкармалыгын “Жашылдандыруудан” бөлүп чыгып, өзүнчө мекеме катары ачуу керек. «Мындай мекемесиз Бишкекти жашылдандыруу дегеле мүмкүн эмес», – деп белгиледи  «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын талапкери Р.Аматов.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: