Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Калктын аялуу катмары үчүн “Социалдык текчелерди” ачуу керек

Бөлүшүү:

«Бардык эле өлкөлөрдө калктын аялуу катмары мамлекет тарабынан коргоого алынат. А биз болсо, бүгүн пенсионерлерибизди арзаныраак азык-түлүк алыш үчүн шаардын бир башына, аянычтуу абалда базарларга барышына жол берип жатабыз», – деп билдирди Коомдук телеканал уюштурган теледебатта Бишкек шаардык кеңешине «Өнүгүү-Прогресс»  партиясынан талапкер Рысбай Аматов.

Талапкердин белгилөөсүндө, ири компаниялардын социалдык жоопкерчилигин өнүктүрүү керек. Мындай кадамдардын алгачкысы катары анын партиясы “Натыйжа көрсөтөбүз!” платформасынын алкагында сунуштап келген супермаркеттердеги атайын “Социалдык текче” боло алат.

«Биз бизнеске кийлигишүүдөн, рынокту башкаруудан алыспыз. Тескерисинче, мындай текчелерди ачуу бардыгына: аялуу катмарга, супермаркет ээлерине жана өндүрүшчүлөргө пайда алып келет. Сатуучу жайлардын ээлери үчүн көбүрөөк кардарлардын келгени пайдалуу, ал эми аренданын жогору баасы үчүн ири маркеттерге товарын чыгара албай жаткан өндүрүшчүлөр үчүн дагы бул нерсе жакшы жыйынтык бермек. Анткени “социалдык текчедеги” товарларга анчалык үстөк кошулбайт эле. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын алдындагы милдет – шаардыктардын кызыкчылыгын коргоо», – деп түшүндүрдү Рысбай Аматов.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы билдиргендей, Бишкектин ири соода түйүндөрүндөгү “Социалдык текчелерде”  керектүү азык-түлүктөрдү (нан, сүт, шекер ж.б. 30га жакын аталыштагы)  гана жеңилдетилген баада сатууну сунуштайт. Аларды калктын аялуу катмарлары болгон – пенсионерлер, инвалиддер жана башка жеңилдиктерге муктаждар сатып алышмак.

Партиянын белгилөөсүндө, мындай текчелерден соода жайларынын кирешеси азайбайт (аларда товарлардын өздүк баасынан 35-50% үстөк кошулаарын эске алганда),  социалдык жеңилдиктерге ээ кардарлардын саны дагы аз. Алар тиешелүү документтерин (пенсионердин күбөлүгү, карточка ж.б.) көрсөтүп, “социалдык текчеден” колдоно алышмак.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: