Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Бир үйдүн жашоочулары өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен таппай жатышат

Бөлүшүү:

«Бишкек  шаарынын Октябрь районунун шайлоо участкаларында илинген тизмелердин арасынан бир нече үйдүн жашоочулары өздөрүн таппай жатышат», – деп билдирди “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер Нурдин Абдылдаев.

Талапкердин айтымында, мындай көрүнүштөр 2016-жылдын 2-ноябрында Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде түзүлгөн депуттатык комиссиянын текшерүүлөрүнөн соң билинди.

«Билингендей, 5-кичирайондун №49 үйдүн жашоочулары тизмеге киргизилген эмес. 12-кичирайонго тиешелүү №21 жана №27 үйлөрдүн жашоочулары дагы өздөрүн тизмеден табышкан жок. Көрсөтүлгөн карта боюнча алар жакынкы шайлоо участокторуна катталышы керек эле», – деди  Нурдин Абдылдаев.

Анын айтымында, мындан башка дагы фактылар бар. Мисалы, шаардын башка райондорунда жашаган адамдардын дагы тизмелерде катталып калгандары бар.

«Октябрь районуна тиешелүү 54 шайлоо участкасынын ичинен комиссия 33 участокту текшерди. Текшерүү көрсөткөндөй, тизмеге кирип калган башка райондордун жашоочулары 5 миңден ашты! №1107 участогунда паспорттогу дареги боюнча Тунгуч, Көк-Жар, Ак-Босого ж.б. жерлерде жашаган адамдар катталып калган. «Өнүгүү-Прогресс» мындай нерсеге көңүл бурбайт эле, бирок, бул жерде мыйзам бузулуп жаткандыгы анык”, – деп белгилейт  Нурдин Абдылдаев.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы бардык мамлекеттик жана муниципалдык структураларды адилет жана таза шайлоо өткөрүүгө чакырат.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: