СДПКнын анабашчысы Иса Өмүркулов фракция ичиндеги интриганы күчөттү. Учурда СДПКчылар биригип алышып, спикер Чыныбай Турсунбековду алып түшүү, анын ордуна Иса Өмүркуловду дайындоону көздөп жатышканы баарыбызга маалым болуп калды. Турсунбековго карата атайын провокацияларды уюштуруп, Төрөбай Зулпукаров баштагандар кадимкидей жарга такап, айласын алты кетире баштады. Чыныбай эми Өмүркуловдун интригасына туруштук бере алабы же «тойдум байдын кызына» – деп туруп, Текебаев тараптан жылуулук издейби? Бирок мындай кадамга баруу Чыныбайдын колунан келбейт го, колунан келсе да жүрөгү даабайт го… Эмнеси болсо да Исанын көздөгөнү спикерлик, Төрөбайдын көздөгөнү коалиция башчысы. Иса го мейли, Төрөбайда деңгээл дегенден ныпым эч нерсе жок да. Анан кантип коалициянын лидери боло алат?
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ